Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:33

Украина: Орусияга жардам берген ирандык кеңешчилер жок кылынды


Ирандык учкучсуз учак. Киевдин үстүнөн тартылган сүрөт. 17-октябрь, 2022-жыл.
Ирандык учкучсуз учак. Киевдин үстүнөн тартылган сүрөт. 17-октябрь, 2022-жыл.

Украинанын бийлиги Орусия басып алган аймактарда Ирандан келген инструкторлор жок кылынганын ырастады.

Бул тууралуу Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Данилов The Guardian басылмасына билдирди. Бирок алар качан жана каерде өлтүрүлгөнүн, канча киши экенин Данилов ачык айткан жок.

Киев буга чейин белгилегендей, ирандык адистердин чакан тобу аннексияланган Крымда орус армиясына Shahed-136 учкучсуз учактарын башкарууну үйрөтүп жаткан. Иранда жасалган бул "жанкечти" дрондорду орус күчтөрү Украинадагы буталарга сокку уруу үчүн колдонгону айтылып келет. Крымда ирандык кеңешчилердин бар экендиги тууралуу АКШ администрациясынын өкүлдөрү да кабарлашкан. Октябрда израилдик KAN радиостанциясы ирандык 10 кеңешчинин Кырмда жана Херсондо өлгөнүн маалымдаган.

Тегеран менен Москва учкучсуз учактар жеткирилип жатканы жана кеңешчилер тууралуу маалыматты четке каккан. Ноябрдын башында Ирандын тышкы иштер министри өлкө Орусияга учкучсуз учактарды согуш башталганга чейин жеткиргенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG