Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

Жапаров: Мунаса табылбаса, ботаникалык бак республикалык бюджеттин карамагына өтөт


Ботаникалык бак.
Ботаникалык бак.

Бишкектеги Ботаникалык бактын каржылоосун түздөн-түз республикалык бюджетке алуу пландалып жатканын бүгүн, 24-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди. Ал депутат Динара Ашимованын суроосуна жооп берип жатып былтыр каржылоону республикалык бюджетке же мэриянын карамагына алуу сунуш кылынып, бирок колдоо таппаганын айтты:

“Президенттин жарлыгы менен республикалык бюджет түздөн-түз каржылоосун баштайт, түздөн-түз башкарууга алабыз эгерде Илимдер академиясы менен шаар бир чечимге келбесе”.

Ботаникалык бак Илимдер академиясына караштуу болгондуктан ушул мекемеге бөлүнгөн бюджеттен каржыланат. Анын маселеси көптөн бери талаш-тартыш жаратууда. Маселе парламентте да көтөрүлүп, аны Илимдер академиясынын балансында калтыруу керек деген чечим чыккан. Айрым депутаттар эгер мекеме академиянын карамагынан чыгарылса ал жеке колдорго өтүп, жери сатылып, кабат үйлөр курула баштайт деген чочулоосун айтышкан жана каржылоо булагын эмес, көлөмүн гана өзгөртүп, жетиштүү деңгээлге чыгарып берүү зарылдыгын белгилешкен.

Ботаникалык бактын жетекчилиги мэриянын карамагына өткөрүүгө каршы экенин, мекеме Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Энвер Гареев атындагы “Ботаникалык бак” илимий-изилдөө институту деп аталарын директору Гүлайым Дөңбаева “Азаттыкка” 20-апрелде билдирген. Ал Ботаникалык бак жөн гана бак эмес, эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин, чакан парктар ар кимдин колуна өтүп кеткен Бишкекте бул бакты коргоп калуу ыктымалдыгы аздыгын, азыркыдай кейиштүү абалга 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп экенин белгилеген.

1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Горький көчөсүндө жайгашкан.

Каржылоосу жетишсиз болгондуктан ал жерде жыл сайын өрт чыгып, сугат жана коопсуздук маселеси чечилбей келет, түрдүү кылмыштар катталган учурлар да жок эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG