Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:38

Түркия Сириядагы "Аль-Хол" лагерин көзөмөлдөгөн күрт күчтөрүнө сокку урду


Сириядагы «Аль-Хол» лагери.
Сириядагы «Аль-Хол» лагери.

Түркия Сириянын түндүгүндөгү "Аль-Хол" лагерин көзөмөлдөгөн күрт күчтөрүнө сокку урду. Бул тууралуу "Сирия демократиялык күчтөрү" кыймылы билдирди.

"Түрк учактары лагердин ичиндеги күрт күчтөрүнө беш ракеталык сокку урду", - деди аталган күрт кошуундарынын өкүлү Фархад Шами.

Маалыматты Сириядагы адам укуктарына көз салган британиялык обсерватория да ырастады. Уюмдун билдирүүсүнө караганда, соккулар лагерди тыштан кайтарып турган күчтөргө багытталган. Окуя ал жактагылардын арасында ызы-чуу жараткан. Курман болгондор тууралуу маалымат жок.

«"Аль-Холь" лагеринде ушул тапта элүү миңден көп чет өлкөлүк бар. Алардын арасында "Ислам мамлекети" террорчул тобуна кошулуп кеткен эң көп борборазиялык аялдар жана балдар кармалып турат. Арасында кыргызстандыктар да бар.

Расмий Анкара 13-ноябрда Стамбулда алты кишинин өмүрүн алган жардыруудан кийин Сирия менен Ирактын күрттөр отурукташкан аймактарына абадан сокку ура баштаган. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу жардыруу үчүн күрт жоочуларын күнөөлөгөн. Күрт кошуундары бул окуяга тиешеси жок экенин билдиришкен. Стамбулдагы кандуу окуяга байланыштуу 50гө жакын шектүү кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG