Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:59

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын иштетүү үчүн сынак жарыяланды


"Камбарата – 2" ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.
"Камбарата – 2" ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

“Электр станциялары” ачык акционердик коому Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү долбооруна катышуу үчүн ишканаларды сынакка чакырды. Бул тууралуу ишкананын сайтында жарыяланды.

Анда агрегатты ишке киргизүү үчүн долбоорлоо, жабдууну жеткирүү жана орнотууга сынак жарыяланганы жазылат. Маалыматка караганда, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын эксплуатацияга берүү үчүн Кыргызстан Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан каражат алган. Суммасы көрсөтүлгөн эмес.

2010-жылы Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке берилген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров феврал айында 2022-жылы Камбар-Ата – 1 ГЭСинин инфратүзүмүн куруу жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга берүү иштери башталарын билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG