Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

МАГАТЭ Запорожье АЭСин бутага алган чабуулдарды айыптады


Запорожье атомдук электр станциясы.
Запорожье атомдук электр станциясы.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги(МАГАТЭ) Украинанын Запорожье атомдук электр станциясын бутага алган чабуулдарды айыптады. Агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси 19-ноябрдын кечинде жана 20-ноябрдын таңында орус күчтөрү көзөмөлдөгөн Запорожье станциясындагы "кубаттуу жардыруулардын" артында ким турса да аткылоону токтотушу керектигин айтты. Ал Европадагы эң ири атомдук станцияга урулган мындай соккулар өзөктүк алааматка жол ачышы мүмкүндүгүн эскертти.

"Биздин топтон кечээ жана бүгүн эртең менен алынган кабарлар чоң кооптонуу жаратат. Ири өзөктүк станциянын аймагында жардыруулар болду. Бул кабыл алынгыс", - деп билдирди Гросси жекшемби күнү.

МАГАТЭнин аймактагы эксперттери соңку чабуулдан Запорожье станциясынын имараттарына, ички системаларына жана жабдыктарына зыян келгенин билдиришти.

Украинанын "Энергоатом" агенттиги жекшембиде Запорожье станциясына орус күчтөрү кеминде 12 жолу сокку урганын маалымдады. Орусиянын Коргоо министрлиги күнөөнү украин тарапка оодарды.

Киев станцияда Орусиянын 500дөй аскери жана техникалары бар экенин билдирип келет. Москва АЭСтин айланасында куралсыз зона түзүп, ал жактан аскерлерин чыгаруудан толук баш тартууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG