Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

Орусияда абакта отургандардын саны 23 миң адамга кыскарды


Эркинен ажыратылгандар. Новосибирск, Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.
Эркинен ажыратылгандар. Новосибирск, Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Сентябрь, октябрь айларында Орусиянын абактарында камалып турган эркек адамдардын саны 23 миң адамга кыскарды. Бул маалыматты "Медиазона" басылмасы Федералдык жаза аткаруу кызматынын статистикасына таянып жазды.

Ага ылайык, сентябрдын башында Орусиянын түрмөлөрүндө 348 миң адам болсо, октябрдын башында 338 миң адамга түшкөн. Ноябрдын башында 325 миң адамга чейин азайган. "Медиазона" белгилегендей, азаюулар эркектер кармалган абактарда болгон, ал эми аялдар абагында кармалып тургандардын саны өзгөргөн эмес.

Журналисттер Орусиянын абактарындагы кескин кыскаруулар мунапыс учурунда да мынчалык болбогонун айтышууда. "Медиазона" бул көрүнүш эркинен ажыратылгандар "ЧВК Вагнер" деп аталган менчик аскердик компаниясы аркылуу согушка тартылганына байланыштуу болушу ыктымалдыгын жазды.

Август айында аталган мекеме катарына Орусиянын абактарында кармалып тургандарды тарта баштаган. Эркинен ажыратылган адамдарга жарым жылдык кызмат өтөөсүнөн кийин мунапыс жана акча сунушталат. Анын башында Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы аталган Евгений Пригожин турганы айтылып келет. Ал сентябрда өзүнүн бул мекемени түзүүгө тиешеси бардыгын моюндаган.

"Важные истории" басылмасы сентябрда Украинадагы согушка Орусиядагы 37 түрмөдөн 5786 эркинен ажыратылган адам тартылышы мүмкүндүгүн жазган. Октябрдын аягында "Русь Сидящая" фондунун жетекчиси Ольга Романова 20 миңден ашуун адам абактан согушка түшкөнүн билдирген.

"Вагнердин менчик аскердик компаниясы" - Орусиядагы расмий эмес аскердик мекеме. Коргоо органдарда жана юридикалык жаатта катталбаганы менен бул мекеменин аскерлери Орусиянын Сириядагы, Африкадагы жана Украинадагы согуштук операцияларына катышып келе жатышканы көптөгөн журналисттик иликтөөлөрдө ачыкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG