Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Польшада ракета түшкөн аймакка украиналык адистер барды


Ракета түшкөн Польшанын Пшеводув айылы. 15-ноябрь, 2022-жыл.
Ракета түшкөн Польшанын Пшеводув айылы. 15-ноябрь, 2022-жыл.

Польшанын ракета түшкөн аймагында украиналык адистер иштеп жатат. Бул тууралуу 18-ноябрда Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Твиттерге жазды.

Ал 15-ноябрда болгон окуя боюнча Украина Польша менен "ачык жана конструктивдүү" кызматташууну улантарын кошумчалады.

НАТОго мүчө Польшанын бийлиги жана Батыш мамлекеттери баштапкы маалыматтарга таянып, эки кишинин өмүрүн алган жардырууга Украинанын абадан коргонуу системасы себеп болгонун белгилеп жатышат. Алардын пикиринде, орус күчтөрүнүн аба чабуулдарынын мизин кайтаруу максатында атылган ракета өз багытынан жаңылып, Польшанын аймагына түшкөн болушу мүмкүн.

Киев мындай жыйынтык менен макул эмес. Украин жетекчилиги окуядагы "Орусиянын издери" тууралуу далилдер бар экенин айтууда. АКШ президенти Жо Байден Киевдин версиясынан күмөн санап, "бул далил эмес" деп билдирген.

Ага чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг окуяга украиналык ракета себеп болушу мүмкүн экенин билдирип, жалпысынан мунун баары үчүн жоопкерчилик Украинада согушту улантып жаткан Орусиянын мойнунда экенин кошумчалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG