Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Кемин: Эне тилинде окуй албаган балдар


Кемин: Эне тилинде окуй албаган балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:39 0:00

10 миңдей эл жашаган Чүй облусунун Кемин шаарындагы Азамат Сурантаев атындагы мектепте кыргыз тилинде окуткан 1-класс эки күндөн кийин жабылып калды. Ондон ашык уул-кызын берген ата-энелерге мектеп жетекчилиги "класс толбой калды" деп түшүндүргөн.

Кемин шаарындагы мектептердин биринде кыргыз тилдүү 1-класс эки гана күн иштеп жабылып калды. Ондон ашык уул-кызын берген ата-энелерге мектеп жетекчилиги класс толбой калды деп түшүндүргөн. Аргасыздан айрым балдар кайрадан нөлүнчү класста окууга аргасыз болууда. Бирок аларга кийинки жылы да кыргыз тилинде билим аларына толук кепилдик жок. Анткени класс толбой калса, балдар келээрки окуу жылында да билим албай калуу коркунучу бар. Кыргызстанда жабылган кыргыз тилдүү класстын окуучуларынын ата-энелери буга нааразы.

XS
SM
MD
LG