Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Өзбекстанда сүрөт, видеосу үчүн камалган блогер бошотулду


Инста-блогер Севинч Садуллаева.
Инста-блогер Севинч Садуллаева.

"Этика эрежелерине каршы жана жарандардын нааразылыгын жараткан" сүрөт, видеолору үчүн беш суткага камакка алынган инста-блогер Севинч Садуллаева бошотулду.

Ал камакта төрт күн отурду. Садуллаевага каршы арыз менен сотко Ташкенттин Аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нодира Умарова кайрылган. Ал арызында блогер "социалдык тармактарда этикага жатпаган, коомдо өзүн алып жүрүү эрежелерин атайылап бузган, жарандардын нааразылыгын жараткан" сүрөт-видеолорду жарыялап жатканын белгилеген.

Баш калаанын Мирабад райондук соту блогер бардык сүрөт-видеолорун өчүрүүгө, мындай кадамдарды кайталабоого убада бергенине карабай, "Майда бейбаштык" беренесинин негизинде 12-ноябрда беш суткага эркинен ажыраткан. Кийин Ташкент шаардык соту анын доо арызын карап, жазасын жумшартуу чечимин кабыл алды.

Севинч Садуллаева 21 жашта, Инстаграмда ага 300 миңден көп колдонуучу катталган.

Былтыр блогер Бобур Ганиев тартип коргоо кызматкеринин беделине шек келтирди деген негиз менен 15 суткага камалып чыккан.

Быйыл жыл башында бийликтин дин саясатын ачык сындап келген блогер Фозилхожа Арифхожаев "Интернетте коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды тараткан" деген кине менен 7,5 жылга эркинен ажыратылган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG