Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:42

Чек арада жаракат алган тажик аскери көз жумганы кабарланды  


Окилжон Одиназода
Окилжон Одиназода

Тажикстанда Кыргызстан менен чек арада жарадар болгон 22 жаштагы аскер Окилжон Одиназода көз жумганын “Озоди” радиосу жазды. Маркум 15-ноябрда туулуп-өскөн айылына коюлду.

Одиназода былтыр жазында армияга чакырылып, Исфарадагы чек ара бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп келген. Сентябрда чек арадагы куралдуу кагылышуу маалында оор жараат алгандан кийин эки ай ооруканада жаткан.

14-17-сентябрдагы жаңжал ондогон адамдын өмүрүн алды.

Чек арадагы кан төгүлгөн окуя үчүн эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган.

Кыргызстан куралдуу кагылышта бери дегенде 62 жаранынан айрылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады.

Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандардын арасында балдар бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG