Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

Президент ЖКнын чек ара маселеси талкууланган жыйынына катышат


Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Парламенттин жыйынында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант берет, андан тышкары Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча мыйзам долбоору да каралат деп күтүлүүдө. Ал Улуттук телерадио корпорациясынан (УТРК) жана облустук телеканалдардан түз эфирде көрсөтүлөт.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырган.

Документке добуш берер алдында комитеттин жыйынынан төрт депутат - Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков, Чыңгыз Айдарбеков жана Нилуфар Алимжанова чыгып кетишкен. Жыйынга жети депутат катышып добуш берди. Адахан Мадумаров комитетте кворум болбогонун, мыйзам долбоору өтүш үчүн кеминде сегиз депутат жыйынга катышышы керектигин айтты. Тармактык комитеттин юридикалык бөлүмү баары мыйзамдуу болгонун билдирүүдө.

3-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга, суу чарба маселелери боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча макулдашуу тууралуу мамлекеттик “Кабар” агенттигине курган маегинде кош башкарууда “кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөй турганын” билдирген.

Макулдашууга ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун Кыргызстан менен Өзбекстандан 12ден адам (ред: 24 киши) кирген биргелешкен комиссия башкарат. Өзбекстан суу сактагычтын коопсуздугун камсыздайт, техникалык жактан тейлейт жана кыргыз тарап менен макулдашылган көлөмдө сууну агызат. Суунун деңгээлин горизонталь боюнча 900дөн жогору эмес кармап туруу милдетин алат. Бирок буга өзгөчө кырдаалдар мисалы, суу каптоо, жаратылыш кубулуштары жана форс-мажордук жагдайлар кирбей турганы жазылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы, активисттер “массалык башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен камакка алынды. Алар муну саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG