Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Исмаилова "Бир дүйнөдө" эки тасманы көрсөтүүгө тыюу салынганын айтты


"Бир дүйнө" даректүү тасмалар кинофестивалынын байгеси. Иллюстрациялык сүрөт.
"Бир дүйнө" даректүү тасмалар кинофестивалынын байгеси. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте өтүп жаткан адам укуктарынын "Бир дүйнө" кинофестивалында эки тасманы көрсөтүүгө расмий түшүндүрмөсүз тыюу салынганы кабарланды. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун директору Төлөкан Исмаилова бүгүн, 16-ноябрда "Азаттыкка" билдирди. Сөз алдын ала түзүлгөн программага кирген "Мара" жана "Жамгыр эч качан токтобойт" деген аталыштагы тасмалар тууралуу болуп жатат.

"Бул даректүү фильмдерди көрсөтүүгө өздөрүн "Кыргыз тасма" мамлекеттик мекемесинин өкүлү деп тааныштырган Чыңгыз мырза менен Перизат айым уруксат бербей жатышат. Себебин, түшүндүрмөсүн сурасак, жооп жок. Бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго да кайрылгам. "Чечем" деген, чече элек. Зал толтура эл келген, учурда аларга жергиликтүү режиссерлорубуздун тасмаларын көрсөтүп жатабыз", - деди Төлөкан Исмаилова.

"Мара" тасмасында Беларустагы соңку президенттик шайлоонун жыйынтыгы, ага байланыштуу элдин маанайы чагылдырылган. Ал эми "Жамгыр эч качан токтобойт" деген тасма Сириядагы, Украинадагы согуштардын кесепети тууралуу баяндалган. Төлөкан Исмаилова бул тасмалардын көрсөтүлүшүнө тыюу салынышын маданиятты ооздуктоо аракети деп сыпаттады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тасмалардын көрсөтүлүшүнө тыюу салуу боюнча түшүндүрмө бере элек.

Адам укугу тууралуу эл аралык даректүү тасмалардын “Бир дүйнө - 2022” эл аралык фестивалы 14-ноябрда башталган. Анда Украина, Чехия, Франция, Словакия, Германия, Казакстан, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдө тартылган 22 тасма катышууда. Бишкектеги Broadway кинотеатрында өтүп жаткан фестиваль 18-ноябрга чейин уланат.

Быйыл фестиваль “Климат жана кризистер: жарандардын фундаменталдык укуктары боюнча кырдаал. Туруктуу өнүктүрүү максаттары үчүн альтернативалар” темасына арналган. Кинофестиваль быйыл 16-жолу өтүп жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG