Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:43

Жанарбек Акаев: Азыркы шартта эркин ЖМКны жаап коюу мүмкүн эмес


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев анык эмес маалымат таратууну жүйө кылып, кайсы бир сайт Маданият министрлигинин чечими менен, эскертүүсүз эле жабылып калышы туура эмес деп эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 15-ноябрда Бишкекте сөз эркиндигине байланыштуу өтүп жаткан тегерек үстөлдө билдирди. Депутат кайсы бир материал тууралуу маалымат каражатынын өзүнө дагы түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек деген оюн айтты.

Ал диалогго келип президенттик администрация иштеп чыккан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун токтото турууну сунуштады. Мындан сырткары депутаттар "Азаттыкты" жабуу тууралуу кандайча кол коюшканын айтты.

"Азыр "Азаттыкты" жабыш керек деп 60тан ашуун депутат кол коюп берди деп президентибиз ишенип отурат. Депутаттар кантип кол чогултту? Бизге туруктуулук, стабилдүүлүк керек десе, депутаттардын көбү кол коюп берди. Тилекке каршы, окубай калгандар көп болуп калыптыр. Мына ушуну туура түшүндүрүп коюш керек. Мен депутаттарга шек келтиргим келбейт, бирок көпчүлүгүнө үстүндөгү баракты окуткан эмес, "Азаттыкты" жабуу тууралуу айткан эмес. Позитивди, айлык акы, пенсия көтөрүлгөнүн, темир жол курулуп жатканын бардык сайттар жазып жатат. Бирок өлкөдө массалык камоолор болуп жатса, адам укугун чектеген учурлар болуп жатса кантип жазбай коет? Бул мүмкүн эмес. Экинчиден, VPN жана башканын мүмкүнчүлүгү бизден көбүрөөк. Орусия, Кытай жапса жаап коет эле го. Азыр дүйнө таптакыр башка, ЖМКны жаап салам деген мүмкүн эмес. Кайсыл айылга барсаңыз ар биринин колунда бирден смартфон бар. Бүт баарынын маалымат алуу укугу бар. Анда Whatsapp, Youtube бардыгын жаап, "Эркин-Тоо" менен "Кыргыз-Туусун" калтырып коюш керек болот. Бардыгыбыз эле Кыргызстанга күйөбүз, мен дагы күнү-түнү өлкө өнүксө экен деп ойлогондордун биримин. "Азаттыкта", "Кактуста", бардык эле медиада иштегендер Кыргызстандын жарандары. Бизде экономика өнүгүп, дүркүрөп өсүп кетсек деген эле адам", - деди Акаев.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн.

Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен "Азаттыктын" берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын "Азаттыкка" жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат.

13-ноябрдан тартып "Азаттыктын" теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы "Санжыра" радиосу обого чыгарбай калды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

“Журналисттерди коргоо комитети” (Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин “Азаттык Медианын” сайтына жана банктагы эсебине коюлган бөгөттү тезирээк алууга чакырды. Уюмдун 4-ноябрда тараткан билдирүүсүндө, “Азаттыктын” ишине тоскоолдук кылуу аракеттери токтотулушу керектиги жазылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG