Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Стамбулдагы жардырууда кыргызстандыктар жабыркаган жок


Жардыруу болгон жерди полиция курчоого алды. Таксим аянты, Стамбул шаары. 13-ноябрь, 2022-жыл.
Жардыруу болгон жерди полиция курчоого алды. Таксим аянты, Стамбул шаары. 13-ноябрь, 2022-жыл.

13-ноябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы эл көп жүргөн Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан жабыркагандар жана набыт болгондор арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугунан маалымдашты. Дипломатиялык мекеме түрк бийлиги менен байланышта экенин билдирүүдө.

13-ноябрда саат 16:20 чамасында Стамбул шаарындагы Таксим борбордук аянтына жакын жерде жардыруу болгон. Андан кеминде алты киши каза тапты. Жараат алгандар саны 81ге жеткенин өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай маалымдады. Жабыркагандардын экөө оор абалда экени айтылууда.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жардырууну айыптап: "Террор аркылуу Түркияны басып алуу аракети бүгүн да, эртең да максатына жетпейт”,-деди. Түрк бийлиги жардырууну жанкечти аял ишке ашырганын билдирүүдө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG