Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:25

Орусия Иран менен кызматташтыгын жакшырта турганын жарыялады


Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен орус лидери Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен орус лидери Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Ибрагим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү. Орусия Иран менен мындан ары да саясий жана соода-экономикалык багыттарда, анын ичинде транспорттук жана логистикалык тармактагы кызматташуусун илгерилете берерин айтты. Кремль тараткан билдирүүдө эки өлкө лидерлеринин сүйлөшүүсү качан болгону так жазылган эмес.

Буга чейин АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүн ирандык дрондор менен аткылаганы үчүн кескин айыптаган.

Анда Иран аз сандагы дрондорун Орусияга согуш баштала электе эле бергенин айткан.

9-ноябрда британиялык Sky News телеканалы анонимдүү булактын маалыматына таянып, Орусия АКШ менен Британия Украинага жардам катары жөнөткөн аскердик техниканын бир тобун согуш маалында тартып алып, Иранга жашыруун жөнөткөнүн жазып чыккан.

Кабарга ылайык, 20-август күнү эртең менен Москвадан Тегеранга учкан орус учагында 140 миллион евро накталай акча, британиялык танкка каршы NLAW ракеталары жана АКШнын Javelin жана Stinger системалары болгон.

Телеканалдын маектешинин айтымында, бул куралдар Ислам революциясынын сакчылар корпусуна батыш технологиясын үйрөнүүгө жана көчүрүүгө мүмкүндүк берген болушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG