Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Алжир БРИКСке кошулуу үчүн арыз берди


2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS - Brazil, Russia, India, China, South Africa)
2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS - Brazil, Russia, India, China, South Africa)

Алжир БРИКСке кошулуу үчүн расмий арыз тапшырды. Бул тууралуу египеттик "Аль-Шарук" басылмасы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен билдирди.

Өлкө бийлиги буга чейин эле уюмга кирүү максатын бир нече жолу билдирген. Жайында президент Абделмажид Теббун Алжир БРИКСке кирүү үчүн зарыл болгон бардык критерийлерге жооп берерин айткан.

БРИКСке экономикасы өнүгүп жаткан Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы мүчө. 2006-жылы түптөлгөн бул уюмдун аталышы аталган мамлекеттердин баш тамгасынан куралган (BRICS - Brazil, Russia, India, China, South Africa).

БРИКС бириктирген мамлекеттер дүйнө калкынын 40% көбүн жана глобалдуу ички дүң өндүрүмдүн 22,5% түзөт. Уюмга кошулууга быйыл жайында Иран арыз берген.

Алжир ички дүң өнүм боюнча дүйнөдө 57-орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG