Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Москва соту оппозиционер Илья Яшиндин камактагы мөөнөтүн узартты


Илья Яшин
Илья Яшин

Москванын Басман райондук соту оппозициялык саясатчы, муниципалдык депутат Илья Яшиндин камактагы мөөнөтүн 26-ноябрга чейин узартты. Соттук отурумга эч ким киргизилген жок. Илья Яшинге “армия жөнүндө фейк маалыматтарды таратуу” деген берене менен кылмыш иш козголгон.

“ОВД-Инфо” басылмасы саясатчынын башка адвокаты Михаил Бирюковго таянуу менен билдиргендей, Яшинге иш козголушуна өзүнүн Youtube каналындагы 7-апрель күнкү билдирүүсү себеп болгон. Анда ал Украинанын Буча шаарындагы жапырт кыргын тууралуу сөз кылып, муну үчүн Орусиянын аскерлерин айыптаган. Оппозиционер кеп болгон берене менен 10 жылга чейин камалышы мүмкүн.

Илья Яшин – Орусиядагы белгилүү оппозициялык саясатчылардын бири. Ал башка бир оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкерлерин жапырт камоо болгон учурда да, Орусия Украинага кол салгандан кийинки куугунтук учурунда да өлкөдөн чыгып кеткен эмес. Саясатчы согушка ачык каршы чыгып, аны баштаганы үчүн президент Владимир Путинди айыптаган.

Яшин 28-июнда полицияга баш ийбөө административдик айыбы менен кармалып, 15 суткага камалган. Ал өзү Москванын борбордук парктарынын биринде түнкүсүн сейилдеп жүргөн учурда кармалганын, кармоо учурунда полицияга каршылык көрсөтпөгөнүн билдирген. Шаршембиге караган түнү камактан чыкмак.

Тергөө комитетинин кызматкерлери 12-июлда анын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн. 13-июлда сот аны эки айга камакка алган.

Учурда камакта жаткан оппозиционер Алексей Навальный мурдараак Яшиндин кармалышы аны биротоло камоо үчүн жасалган “классикалык ыкма” экенин жазган. Навальный ага алгач жеңил берене коюларын, айыпталуучу абакта жаткан маалда оор айып менен узакка кесилерин тактаган. Ал өзү да ушинтип камалганын, жакында эле башка бир оппозициялык саясатчы Владимир Кара-Мурза да ушундай жол менен тергөө абагына түшкөнүн мисал келтирген.

Орусияда ушул маалга чейин “армия жөнүндө фейк маалымат таратуу” беренеси менен жалпы 70тей кылмыш иши козголду. Мында Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий позициясына каршы келген билдирүүлөр “туура эмес” деп табылат. Мунун ичинде Украинада жайкын тургундар каза болгонун айткандар да камалууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG