Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:05

БУУ Илон Масктын Твиттердеги чечимдерине камтамачылык билдирди


Илон Маск
Илон Маск

Твиттерди башкарууда адам укуктары башкы орунда турушу керек. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетинин башчысы Фолькер Тюрк Твиттердин жаңы кожоюну Илон Маскка жазган ачык катында билдирди.

Тюрк аталган социалдык түйүндөгү адам укуктарына жооп берген команданын кызматтан бошотулушун “үмүтсүз башталыш” деп атады.

“Мен сиздин жетектөөңүздөгү Твиттерде адам укуктарын башкаруудагы орчундуу орунга коюуга чакырат элем”, – деп жазды комитеттин башчысы.

Би-Би-Си басылмасы белгилегендей, БУУнун коомчулук алдында сынга алышы адаттан тыш көрүнүш. Уюм адатта бизнес ээлерине купуя кайрылышат, одоно мыйзам бузуу болгон маалда компания катталган мамлекеттин өкмөтү аркылуу реакция жасачу.

Илон Маск Твиттер социалдык түйүнүн октябрь айында 44 миллиард долларга сатып алды. Компанияны өзүнө өткөрүп алган соң миллиардер андагы 3700 кызматкерди иштен бошотуп, болгон штатты тең жарымына кыскартты.

Bloomberg басылмасы мурдараак айрым кызматкерлерди электрондук почта аркылуу эле иштен кетирген. Көпчүлүк кызматкерлер корпоративдик системалардан үзүлгөн соң иштен кеткенин түшүнүшкөн. Ушул эле басылма жекшембиде жазгандай, компания айрым кызматкерлер жаңылыштык менен бошотулганын билдирип, кайра жумушка кайтууга чакырган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG