Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

Акыйкатчы кармалган саясатчылар жана активисттер боюнча бийликке кайрылды


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган бир катар депутаттарга жана Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды. Кайрылууга Кемпир-Абад суу сактагычынын макамын талкуулоонун алкагында кармалган жарандардын укуктарынын сакталышы боюнча өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыктары тиркелген.

Бул тууралуу Омбудсмен Атыр Абдрахматова "Азатыкка" маалымдап, кармалган саясатчылардын жана активисттердин укуктарынын сакталышы боюнча өтүнүч келтиргенин айтты.

"Баш мыйзамдын, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын, Бангкок эрежелеринин, Кылмыш-Жаза процессуалдык кодексинин талаптарын жана кепилдиктерин так сактоо менен кармалган бардык шектүүлөрдүн бөгөт коюу чарасын кайра карап чыгуусун өтүндүк. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгаргандардын жоопкерчиликке тартылышын сурандык. Мындан тышкары тергөөчүлөрдүн, прокурорлордун, соттордун жеке кызыкчылыктардын таасиринде калбай, бейтарап болуусуна кепилдик берген шарттарды камсыздоого чакырдык", - деди акыйкатчы.

Акыйкатчы өз кайрылуусунда кармалгандардын укуктарынын бузулушуна байланыштуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) тийиштүү кызматкерлеринин ишине укуктук баа берүү менен жоопкерчиликке тартууну талап кылган.

Акыйкатчы институту саясатчылар менен активисттердин кармалган учурунан тартып, тергөө абагына камалганына чейин кошо мониторинг жүргүзгөн.

23-октябрдан бери Кемпир-Абад иши боюнча "массалык башаламандык уюштурууга" шек саналып 26 адам кармалган. Алардын экөө жарандык активист Илгиз Шаменов менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозайым Нарматова Орусиядан кармалып, Бтшкекке жеткирилген.

Кармалгандар өздөрүнө коюлган айып менен макул эместигин айтышкан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG