Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Израилдеги шайлоодо Нетаньяхунун партиясы алдыга чыкты


Израил өкмөтүнүн азыркы башчысы Яир Лапид эки күн мурда өткөн парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алып, мурдагы премьер-министр, Ликуд партиясынын лидери Биньямин Нетаньяхуну жеңиши менен куттуктады.

Лапиддин бул кадамы Нетаньяхуга өлкөнүн тарыхындагы эң оңчул боло турган жаңы министрлер кабинетин түзүүгө жол ачат.

3-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендердин 99% санагандагы жыйынтык боюнча Нетаньяху блогу бир палаталуу Израилдин Кнессетине төрт жыл ичиндеги бешинчи шайлоодо ишенимдүү түрдө алдыда баратат.

Бир палаталуу Кнессетти шайлоого жалпысынан 40 партия катышты.

Нетаньяхунун Ликуд партиясы, анын ультра-православдык союздаштары жана "Диний сионизм" деп аталган ашкере оңчул альянс 120 орундуу парламентте көпчүлүктү түзүшү мүмкүн экенин France-Presse жазды. Оңчул блоктун 64 мандаты бар.

Буга чейинки шайлоолордо бир да партия көпчүлүк добушту албай, коалиция түзө албай келишкен. Өлкөнү узак жылдар бою жетектеп келген премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы эч бир саясий күч менен коалиция түзө алган эмес.

Оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү “Израилде ушуну менен Биньямин Нетаньяхунун доору бүттү” деп жарыялашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG