Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Акылбек Жапаров Пенсиялык фондго чукул реформа керектигин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-ноябрда Жогорку Кеңеште "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы жана "Мекенчил" депутаттар тобунун биргелешкен жыйынында пенсия системасы чукул өзгөртүүгө муктаж экенин билдирди. Буга байланыштуу жакында айрым бир мыйзамдарды өзгөртүү сунушталарын айтты.

"Биз тилекке каршы 20-30 жылдан бери реформа жасабай, Пенсиялык фонд толугу менен кайра бюджетке отуруп калды. Астыбызда эң кыйын реформалар турат, Социалдык фондду Пенсиялык фондго жана социалдык төлөмдөргө бөлүп чыгышыбыз керек болуп жатат. Эгер бул жаатта реформа кылбасак аскер кызматында жүрүп пенсияга чыккандардын саны менен иштеп жаткан аскер кызматкерлеринин саны теңелип калганы жатат. Алдыбызда ушундай тоскоолдуктар турат. Биз жакында реформалоого байланыштуу бир топ мыйзамдарды алып келебиз",-деди Жапаров.

Өкмөт ушул жылдын апрель айында пенсияга эрте чыгуу укугун жана жеңилдиктерди берген категорияларды жоюуну сунуштаган. Анда аялдардын пенсия курагын дагы жогорулатуу да каралган жана мындай сунуштар коомчулукта талкуу жараткан.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда азыр 714 миңден ашуун пенсионер бар жана алардын 70% аялдар түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG