Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:48

Активист орусиялык ырчынын Бишкектеги концертине каршы пикетке чыкты


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров орусиялык ырчынын концертине каршы пикетке чыкты. Бишкек. 3-ноябрь, 2022-жыл.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров орусиялык ырчынын концертине каршы пикетке чыкты. Бишкек. 3-ноябрь, 2022-жыл.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун Бишкекте концерт берип жатканына нааразылыгын билдирип, пикетке чыкты. Активист ырчыны Украинага согуш ачкан Орусиянын президенти Владимир Путиндин саясатын жактайт деп айыптады.

Токтонасыров Киркоровду Бишкектен сый менен тосуп алгандарга да нааразы болгонун Фейсбукка жазды.

Орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун концерти 3-ноябрда Бишкектеги Спорт сарайында өтүп жатат.

Филипп Киркоров Орусиянын президенти Владимир Путинди колдоп уюштурулган "Күчтүү президент - күчтүү Орусия" деген аталыштагы концертте ырдаган. Быйыл апрелде Путин аны 55 жаш мааракеси менен куттуктаганын орусиялык басылмалар жазып чыккан.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG