Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Тбилиси соту камактагы журналисттин доо арызын канааттандырган жок


Ника Гварамия сот залында. 2-ноябрь, 2022-жыл. Тбилиси.
Ника Гварамия сот залында. 2-ноябрь, 2022-жыл. Тбилиси.

2-ноябрда Тбилисинин аппеляциялык соту журналист Ника Гварамиянын доо арызын канааттандырган жок.

46 жаштагы Гварамияны шаардык сот май айында "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган", "акчанын изин жашырды"деген кине менен 3,5 жылга эркинен ажыраткан.

Ал Михаил Саакашвили Грузияны башында турган маалда Юстиция жана Билим берүү министрликтерин жетектеген. Кийин оппозициячыл "Рустави-2" телеканалынын башкы директору болуп иштеп, ал эми 2019-жылы "Млтавари Архи" каналын негиздеген.

Гварамия ага каршы козголгон иштин саясий мүдөсү бар экенин билдирип келет. Ал Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыларын билдирди.

АКШнын Тбилисидеги элчилиги соттун чечими тууралуу "терең тынчсыздануусун" билдирди.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG