Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Балтабайдын соту: прокурор беш жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн келтирди


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин ишин кароо уланып жатат. Анда судья жарандык активисттин билдирүүлөрүнө жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын маалымдады.

Сот жараянында мамлекеттик айыптоочу анда "мыйзамдын талаптарына баш ийбөөгө чакыруу, калайман нааразылык акцияларына чыгууга үндөөнүн белгилери бар экенин" билдирди.

Балтабай жана анын адвокаты социалдык тармактарда чакырык жасаганы тууралуу дооматтарды четке какты. Жактоочусу активисттин аракетинде кылмыштын курамы жоктугун, мындан улам ал акталышы керектигин белгиледи.

Процесске катышып жаткан прокурор жеңилдетүүчү жана башка жагдайларды эске алуу менен блогерди беш жылга эркинен ажыратуу тууралуу өтүнүч келтирди.

Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган. Биринчи май райондук милициясы ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Жапырт башаламандык") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөгөн жана Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин, ички иштер органдары кылмыштарды алдын алуу жана “фейктер” боюнча мыйзамдын чегинде гана иштеп жатканын билдирген.

Адилет Балтабай акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG