Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыянын теңине жакыны гана берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 31-октябрдагы жыйынында айтылды. Депутат Нурбек Алимбеков анда быйыл айыл чарба тармагына каралган каражатка байланыштуу маселе көтөрдү. Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева быйыл жеңилдетилген насыянын теңине жакыны гана берилгенин бышыктады.

"Бүгүнкү күндө тогуз айдын жыйынтыгы менен айыл чарбага каралган жалпы 26 миллиард сомдун 14 миллиарддан ашыгы бөлүндү. Бул жерде биз акчанын өздөштүрүлүшүн дагы карап жатабыз. Эгер акча өздөштүрүлбөсө, анда каражаттарды оптималдаштырып жатабыз. Биз кластердик каржылоого 10 миллиард сом караганбыз, азыр ошонун 3,4 миллиард сому берилди", - деди.

Өкмөт жазында "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга айыл чарба тармагына жеңилдетилген насыя үчүн 10 миллиард сом бөлгөн. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 млрд. сом жана “РСК Банкына” 4,5 млрд. сом бөлүү тапшырылган. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленген.

Буга чейин Жогорку Кеңеште жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканына, банктарда кезек күткөндөр арбын экенине байланыштуу маселе көтөрүлгөн. Депутат Элвира Сурабалдиева жеңилдетилген насыя алчу компаниялардын арасында өкмөт мүчөлөрүнүн, депутаттардын компаниялары бар экенин айтып чыккан.

Былтыр ноябрда Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында Улуттук коопсуздук комитетине дыйкандарга бөлүнгөн жеңилдетилген насыяны текшерип-иликтөөнү тапшырган. Эсеп палатасы мындай насыянын 3% гана дыйкан-фермерлерге жетерин аныктап чыкканын маалымдаган.

Дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү 2011-жылдан башталган. Былтыр бул максатта алты миллиард сом бөлүнүп, долбоор менен иштеген беш банкка таратылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG