Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Өзбекстан: маданий мурастарды сактоодо мыйзам бузуулар аныкталды


Кашкадыраянын Шахрисабс шаарындагы тарыхый күмбөздөр.
Кашкадыраянын Шахрисабс шаарындагы тарыхый күмбөздөр.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Кашкадарыядагы маданий мурастарга байланышкан мыйзам бузууларды аныктады. Аталган облуста 1468 тарыхый жай бар. Прокуратура бул аймактагы маданий мурастарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышын иликтегенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 18 маданий объектиде мыйзамсыз курулуштар жана өзүм билемдик менен оңдоп-түзөө иштери болгон. Яккабаг районундагы XII кылымга таандык Гумбаз мечитинин ички дубалдары оңдолуп, Касбин районундагы XIV кылымга таандык Катлас мечитинин дубалына жаңы дубал кошулуп, имараттын тарыхый көрүнүшү бузулган.

Мындан тышкары 382 имаратка коопсуздук белгилери орнотулган эмес. Облустагы 35 тарыхый объект авариялык абалда жана коргоого, оңдоп-түздөөгө муктаж. Айрымдары жеке максатта колдонулуп жатканы аныкталган.

Башкы прокуратура тийиштүү чаралар көрүлүп, жооптуу адистерге кемчиликтерди жоюу тапшырмасын берди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG