Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Москвада кармалган Орозайым Нарматова Кыргызстанга алып келинди


Орозайым Нарматова
Орозайым Нарматова

Москвада кармалган жарандык активист, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Кыргызстанга алып келингенин анын жакындары "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты "Манас" эл аралык аба майданындагы өздүк булактар дагы ырастады.

27-октябрда Орозайым Нарматованы Москвада полиция кармап кеткени кабарланган. Кийин анын жакындары экс-депутатты 26-октябрдын түнү үйүнөн кармап кеткенин билдиришкен. Алар сүрөткө тартып алган документке караганда, Нарматова Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш кодексинин 36-278-беренесинин ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") негизинде козгогон кылмыш иштин алкагында эл аралык издөөгө алынып, кармалган.

Ушул эле күнү Москвадан активист Илгиз Шаменов дагы алып келингени айтылды. Муну анын жакындары "Азаттыкка" билдиришти.

Ички иштер министрлиги 23-октябрда Кылмыш кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандык уюштурууга даярдык") менен кылмыш ишинин алкагында бир нече саясатчы жана активисттерди кармап, үйлөрүн тинткен. Кийин сот чечими менен Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы жана активисттер эки айга камакка алынды.

27-октябрь күнү мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов ИИМдин Тергөө башкармалыгына суракка чакырылгандан кийин 48 саатка камалган.

Башаламандыкка шек саналып жаткандардын баары өздөрүнүн мыйзамсыз кармалганын айтышууда.

Президент Жапаров улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине чекитти сот кое турганын айткан.

БШК 20-январдагы отурумунда УКМК менен Билим берүү министрлигинин маалыматына таянып "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Илгиз Шаменов "Социал-демократтар" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүрөт. Ушул жылдын август айында Шаменовдун машинасынан зым менен чырмалган, болжол менен РГД-5 гранатасына окшош буюм табылганы айтылган. Кийин Бишкектин Ленин райондук милициясы табылган темир боюм РГД-5 гранатасы экенин экспертиза тастыктаганын, бирок ал колдонууга жараксыз экенин билдирген. КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG