Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Владимир Путин: Дүйнөнү өтө коркунучтуу он жылдык күтүп турат


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйнө чоң окуялардын тарыхый чегинде турганын, алдыда Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң коркунучтуу жана маанилүү он жылдык күтүп жатканын эскертти. Бул тууралуу билдирүүсүн ал бейшемби күнү Орусияда өткөн эл аралык “Валдай” дискуссиялык клубундагы сессияда билдирди.

Мурдараак Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путиндин билдирүүсүн кийин адамдар “кайра-кайра окуй” турганын айткан эле.

Орус президенти өзүнүн кебин Батыш өлкөлөрүн сындоодон баштады. Ал айырмачылыктарды жоюп салуу Батыштын табияты болуп калганын айтты.

“Либералдык идеология болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Бардык альтернативдик көз караштар жана сын-пикирлер пропаганда жана “Кремлдин кутуму” деп жарыяланып калды”, – деди Путин.

Анын пикирине караганда, Батыш өзүн тандалма деп эсептеп, башкаларды экинчи сорттогу адамдар деп эсептейт.

Путин Орусия Батыштагы жана НАТОдогу алдыңкы өлкөлөр менен мамиле курууга бир канча жолу аракет кылганы менен дайыма терс жооп алып келгенин айтты. Ал Орусия Батышга сес көрсөтпөй, өзүнүн укуктарын гана талашып жатканын кошумчалады.

“Дүйнөлүк иштерде Батыштын өз алдынча үстөмдүк кылуу доору аяктап баратат”, – деп белгиледи ал.

Орусиянын лидери СССРдин тарашын кайрадан комментарийлеп, бул окуя “дүйнөлүк тең салмактуулукту бузганын” айтты. Мурдараак ал Советтер Союзунун ыдырашын 20 кылымдагы эң чоң геосаясий катастрофа катары баалаган.

Путин өз сөзүндө Украина жасалма мамлекет катары түзүлгөнүн дагы кайталап, аны түзгөн Орусия гана Украинага кепил болуп бермектигин белгиледи. Ал Орусияга Украинага өзөктүк курал менен сокку урбай турганын кошумчалап, Москва мындан саясий да, аскердик да пайда таппай турганын маалымдады.

Орусия Украинага быйыл февралда кол салган. Сегиз айдан ашкан согушта алар Москва 6 миңдей жоокерин жоготконун билдирүүдө. Киев болсо Орусиянын жоготуулары 70 миңдей экенин кабарлап жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG