Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Казакстан: сенат Январь окуяларында кармалгандарга мунапыс берүү мыйзамын жактырды


Казакстандагы 2022-жылдын январындагы нааразылыктар.
Казакстандагы 2022-жылдын январындагы нааразылыктар.

Казакстандын парламентинин жогорку палатасы – Сенат 2022-жылдын январындагы массалык нааразылык акцияларында кармалып, камакка алынгандарга мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды жактырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун билдиришинче, мунапыс кеминде 1500дөй адамды камтыйт.

Сенаттын депутаттары кабарлагандай, ушул күнгө чейин Январь окуяларына байланыштуу 1112 адам соттолсо, алардын 128и эркинен ажыратылган. Мыйзам кабыл алынган соң 100дөн ашык киши түрмөдөн чыгат.

Укук коргоочулар мунапысты бийлик укук коргоо жана күч кызматкерлеринин кызматкерлерин жоопкерчиликтен бошотуу үчүн колдонот деген камтамачылыгын жарыялашкан. Тополоң учурунда алар жайкын тургундарга каршы ок атып, кармалгандарды кыйноого алышкан.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны 228 жеткен.

Казакстандагы Январь окуялары боюнча 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланган. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG