Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:09

Молдовалык ишкерлер АКШнын "кара тизмесине" кирди


Илан Шор.
Илан Шор.

Ишкер Игорь Чайка, ырчы Жасмин баштаган бир катар орусиялык жарандар АКШ бийлигинин "кара тизмесине" кирди. Алар Молдованын ички ишине кийлигишүүгө жана демократияга шек келтирүүгө айыпталууда.

Булардан тышкары "кара тизмеге" Молдованын да бир катар жарандары кирди, анын ичинде ишкер, оппозициялык "Шор" партиясынын лидери Илан Шор да бар. Ал жакында Кишинёвдо массалык митингдерди уюштурган.

Вашингтон Илан Шор Орусиянын кызыкчылыгы үчүн иштеп, Молдованын демократиялык өнүгүүсүнө жолтоо болуучу башаламандыктарды уюштурууга аракет кылып жатат деп эсептейт.

"Кара тизмеге" ал коррупцияга айыпталганы үчүн да киргизилгени кабарланды. Илан Шор мурда Молдовада өлкөнүн банкынан миллиард доллар жоголгонуна байланыштуу соттолуп, издөөгө алынган.

Санкцияга анын жубайы - орусиялык ырчы, Жасмин деген ат менен таанымал Сара Шор да кабылды.

"Кара тизмеге" киргендердин арасында молдавалык саясатчы жана олигарх, мекенинде коррупцияга айыпталып, чет жакка качып кеткен Влад Плахотнюк, мурдагы баш прокурор Юрий Чайканын уулу Игорь Чайка да бар.

2021-жылы ал орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков менен чогуу Молдовада бийлик башына орусиячыл адамды алып келүү планын иштеп чыкканын Финансы министрлиги маалымдаган. АКШнын санкциясына Чайка жетектеген бир катар ишканалар жана анын төрт өнөктөш-жардамчылары да кабылды.

  • 2015-жылдын жазында Кыргызстандын ошол кездеги президенти Алмазбек Атамбаев Молдовага жашыруун сапар менен барып, Кишиневде бейформал жолугушууларды өткөргөнү маалым болгон. Молдованын маалымат каражаттары Атамбаев Владимир Плахотнюкка жолугуп, аны менен төрт саат сүйлөшкөнүн жазып чыгышкан. Анда Атамбаев Кишиневго Илан Шордун менчик Embraer Lagacy 650 учагы менен кеткени айтылган. Аппараттын кызматкерлери президент ал учакка акысын өзү төлөгөнүн кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG