Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:42

Байсалов Акыйкатчы жөнүндө мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж экенин айтты


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Акыйкатчы жөнүндө мыйзам өзгөртүүлөргө муктаж экенин белгилеп, бул институт акыйкаттуулуктун жана адамдын мыйзамдуу укуктарынын чыныгы жактоочусу болушу керектигин айтты. Бул тууралуу ал 26-октябрда Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун 20 жылдыгына арналган "Адам укуктарын коргоодогу Акыйкатчы институтунун ролу" аттуу эл аралык конференцияда сүйлөп жатып билдирди.

"Акыйкатчы институту – адам укуктарын коргоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу механизми, ал демократиялык мамлекеттерде орун алган маанилүү инструменттердин бири болуп саналат. Акыйкатчы институтунун ишиндеги негизги нерсе – адамдарга карата формалдуу мамиледен алыстап, кайрылуулар үчүн "почта жащигине" айланып калбоосу зарыл”, - деп белгиледи Байсалов.

Жыйынга эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, бийликтин өкүлдөрү жана бир нече чет мамлекеттердин акыйкатчылары катышты.

Анда Акыйкатчы институтунун Кыргызстанда адам укугун коргоо жаатындагы жүргүзгөн иштери, мамлекеттик бийлик, Жогорку Кеңеш жана жарандык коом менен кызматташуусунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту 2002-жылы түзүлгөн. Алгачкы акыйкатчы болуп ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты, "ЭрК" партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу шайланган. Андан кийин акыйкатчылык кызматта укук коргоочу Турсунбек Акун, Бактыбек Аманбаев, Кубат Оторбаев, Токон Мамытов иштеди. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG