Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Соцтармактарда жапырт камалгандарды колдоо үчүн акча чогултуу иши башталды


Жапырт кармалган саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин бир бөлүгү.
Жапырт кармалган саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин бир бөлүгү.

Социалдык тармактарда "Саясий туткундарды колдоо эсеби" деген аталыш менен акча чогултуу жараяны башталды.

Алгач бул тууралуу 23-октябрда кармалып, 24-октябрда соттун чечими менен эки айга камалган жарандык активист Али Шабдандын келинчеги Нурайым Сыдыгалиева Твиттердеги баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда бул эсепке чогулган акча "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин ишмердүүлүгүнө жумшалат жана бир бөлүгү камакта отурган активист-саясатчылардын үй-бүлөсүнө берилет.

Ушундай эле билдирүүнү жарандык активист Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай Инстаграммдагы баракчасына жайгаштырды.

"Түшкөн каражат саясий туткундарды колдоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо/кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүү боюнча комитеттин ишмердүүлүгүн улантууга багытталат. Андан тышкары, саясий туткундардын муктаж болгон туугандарына көмөк көрсөтүүгө жумшалат", - деп жазды Касиет Мамырбай.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршылык билдирип келаткан жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер 23-октябрда кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдиргендей, аларга Кылмыш-жаза кодексиндеги “Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу” беренеси (36, 278) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүрүп жатат.

Кармалгандар башаламандык уюштурууга камынганы тууралуу аудио интернетке тараган. "Азаттык" бул аудиотасманын чын-төгүнүн азырынча тастыктай алган жок.

24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар жүрүшкө чыгып, аларды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Президент улуттук "Кабар" агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигишпесин, чекитти сот кое турганын айткан.(ZKo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG