Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Акыйкатчы cаясатчылардын кармалышы боюнча парламент спикери менен жолукту


Нурланбек Шакиев.
Нурланбек Шакиев.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен саясатчы, активисттердин үйлөрүн тинтүү, суракка чакырылышы боюнча жолугуп чыкты. Бул тууралуу Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасында жазды.

“Акыйкатчы катары окуяга калыс пикирим кандай, адам укуктары сакталып, кандайдыр бир кыйноо же адамгерчиликсиз мамиле болгонбу, баардыгында өздөрү ишеним көрсөткөн адвокаттары барбы ж.б. стандарттардын сакталышын сурады”, - деп жазды Абдрахматова.

23-октябрда эртең менен бир нече оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып, айрымдары милицияга жеткирилди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым адамдардын массалык башаламандыктарды уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова жалпы 18 активист, саясатчынын үйү тинтилип, айрымдары милицияда сурак берип жатканын кабарлоодо. Социалдык тармактарда укук коргоочулар учурда саясатчы Равшан Жээнбеков, активисттер Рита Карасартова, Али Шабдан 48 саатка кармалганын жазып жатышат. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.

22-октябрда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн маалымдаган.

15-октябрда Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагыч өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. 21-22-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Садыр Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG