Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

"Мобилизациядан бошотулган" орусиялык IT адиси Украинада каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиялык "Райффайзенбанктын" кызматкери, "бошотулгандардын катарында" болгонуна карабай мобилизацияланган Тимур Измайлов Украинада миномёттун огунан каза болду. Бул тууралуу анын адвокаты Константин Ерохин билдиргенин "Свобода" радиосу жазды.

33 жаштагы Измайлов банкта жогорку кызматтагы IT адиси болуп "Мир" системасын көзөмөлдөп турган. Измайловдун жакындары аны аскер комиссариатына 18-сентябрда, мобилизация болушуна үч күн калганда “документтерди тактоо үчүн” чакырышканын айтышууда.

Ал жерден ага 22-сентябрда боло турган машыгууга чакыруу кагазы берилген. 23-сентябрда Измаилов мобилизацияланып, 7-октябрда Украинадагы согуштук аймакка барып, 13-октябрда каза болгон.

Адвокатынын айтымында, Измайлов банктын маанилүү IT адиси катары согушка чакыруу мөөнөтүн жылдырууга укуктуу болчу. Буга чейин Орусиянын Коргоо министрлиги IT адистери, байланыш операторлорунун, банктын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери мобилизациядан бошотуларын кабарлаган. Ерохин “бошотулгандардын” тизмеси дагы деле комиссариатка жете электигин билдирди.

“Жалпы жети арыз берилип, сотко жөнөтүлгөн. “Тынымсыз байланыштарга” кайрылуулар берилди. ЖМКларга жана башка жерлерде да билдирүүлөр чыкты. А жыйынтыгы ушундай”, - деди адвокат.

Измайловдун туугандары октябрдын башында керектүү документтер менен комиссариатка барышканын, бирок ал жактан "колдорундагы кагаздар пайдасыз экенин, мобилизацияланган соң баары бир кызмат өтөй турганын” айтышкан.

“Сибирь.Реалии” басылмасы жума күнү бурятиялык жаран, үч баланын атасы Андрей Хомиченко Украинада каза болгонун кабарлады. Ага чейин орус бийлиги октябрда көп балалуу аталар Башкы штабдын директивасына ылайык азырынча мобилизация болбой турганын убадалаган. Бирок бул директива эч жерге жарыяланган эмес, мобилизация жөнүндө мыйзамда болсо үч балалуу аталарды чакырууга жол берилет.

Мурдараак Мамлекеттик Думанын комитет төрагасы Андрей Картаполов мобилизацияланган 10 миңдей орусиялык үйүнө кайтканын билдирген. Анын сөзүнө караганда, жаранды мобилизацияга тартууда ката кеткен учурлар териштирилет.

Орусия быйыл 24-февралда Украинага кол салгандан бери согуш уланууда. Өткөн айда орус президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG