Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Төрт өлкө БУУну Орусиянын иран дрондорун колдонгонун иликтөөгө чакырды


"Шахид 136" деп аталган дрондун сыныгы.
"Шахид 136" деп аталган дрондун сыныгы.

Германия, АКШ, Британия жана Франция Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) Украинадагы согушта Орусия иран дрондорун колдонуп жатканын иликтөөгө алууну чакырды. Төрт мамлекет Иран Орусияга дрон жеткирүү менен өзөктүк курал программасы боюнча кабыл алынган БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузду деп эсептешет.

DW басылмасы Берлин, Париж жана Лондон БУУга кат жөнөтүп, анда Орусия иран дрондору менен жарандык инфратүзүмдөрдү жана Украинанын шаарларын аткылап, бейкүнөө жай тургундар ажал таап жатканы айтылганын кабарлады. Коопсуздук кеңешинин жыйынында Вашингтон дагы дрондор боюнча иликтөөгө кошулду.

Орусия БУУнун катчылыгынын иликтөөгө аралашуусуна караманча-каршы чыгып, иликтөө Коопсуздук кеңешинин чечими менен ишке ашышы керек деп эсептейт. Коопсуздук кеңештин жыйында Орусиянын БУУдагы өкүлү Василия Небензи иран дрондорунун Орусияга ташылып жатканын “фейк маалыматтар” деп атады. Бирок орус армиясы учкучсуз аппараттарды колдонуп жатканын ырастап, кандай дрон экенин тактаган жок.

Иран мамлекети дагы дрон боюнча маалыматты чекте кагууда. Ишембиде Тегеран Батыштагы үч өлкөнүн иликтөө чакырыгын айыптады.

10-октябрдан бери Орусия Украинанын шаар-кыштактарын тынымсыз абадан аткылап жатат. Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган "Шахид 136" (Shahed 136) деп аталган жанкечти дрондорун колдонууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG