Путин Украинанын күч менен аннексияланган 4 аймагына аскердик абал киргизди. Эми төрт облустун жарандарын согушка тартса болот. Орусияда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо күчөтүлгөн режимге өттү. Майданда украин күчтөрү контрчабуулун улантууда. 200гө жакын активист кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолукту. Жабык өткөн жыйынга катышуучулар телефон-камерасы жок киргизилди. Парламентте депутаттар Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгынан чакыртып алды. Айдарбеков кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун колдогон комитеттин чечимине кол койгон эмес.
Чыгарылыштар
-
Май 06, 2024
Сот Мадумаровдун арызын артка кайтарды
-
Апрель 30, 2024
Грузияда парламент талаштуу мыйзамды карай баштады
-
Апрель 29, 2024
Тажик бийлиги элине Орусияга барбай турууну эскертти
-
Апрель 25, 2024
Кыргызстанда балдар арасында көк жөтөл жайылды