Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Германиянын президенти Киевге сапарын кийинкиге жылдырды


Франк-Вальтер Штайнмайер
Франк-Вальтер Штайнмайер

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Киевге 20-октябрга белгиленген сапарын башка күнгө жылдырды. Бул тууралуу Bild немис басылмасы, DPA агенттиги жазды. Сапардын жылдырылышы "коопсуздук маселелерине" байланыштуу деп айтылат.

Bild басылмасынын маалыматына караганда, Тышкы иштер министрлиги жана Германиянын коопсуздук органдары сапарды токтото турууну сунуштаган. Чечим 18-октябрда кабыл алынган. Басылма Киев буга таң калганын жазды.

Бир нече жумалык тыныгуудан кийин 10-октябрда Киев Орусиянын ракеталык соккуларына дуушар болгон. Андан кийин да калаага чабуул жасалды, карапайым калк арасында курмандыктар бар.

DPA агенттиги Штайнмайердин "жакын арада" Украинага баруу ниети бар экенин кабарлады.

Штайнмайер буга чейин Орусияга карата мамилесин жумшартканы үчүн Киев тараптан сынга кабылган. Ал 13-апрелде Польшанын, Литванын, Латвиянын жана Эстониянын президенттери менен чогуу Украинанын борборуна келмек, бирок иш сапардын алдында украин тарап аны тосо албай турганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG