Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:05

Ошто өспүрүм кызды ала качууга шек саналып төрт адам кармалды


Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имараты.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имараты.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кыз ала качууга шектүү катары төрт кишини убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, шектүүлөр 18-октябрда 15 жаштагы өспүрүм кызды ала качып бараткан жеринен кармалган.

Учурда бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси ("Адамды никеге туруу максатында уурдоо") менен иш козголуп, тергөө башталган.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы 20-октябрда Ош шаардык сотунда каралат.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш болуп саналат. Мажбурлап никеге тургузуу үчүн адам уурдагандар жети жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Иликтөөлөр көрсөткөндөй, ала качууга дуушар болгондор милицияга сейрек кайрылат.

Кыргызстанда буга чейин ала качуунун айынан кыздардын өмүрү кыйылган учурлар катталган. (AAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG