Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:15

Баткенде жараат алгандардын тогузу ооруканадан чыга элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде соңку чек ара коогалаңында жараат алгандардын тогузу Бишкектеги ооруканаларда дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 18-октябрда “Азаттык” радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин жарандык коргоо секторунун башкы адиси Кубаныч Калмаматов билдирди.

“Бирөө Бишкек шаардык тез жардам ооруканасында, калгандары Улуттук госпиталда жатат. Баарынын абалы орточо туруктуу. Баарын чыгарганга даярдап жатышат”.

Калмаматовдун айтымында, бейтаптардын баары эркектер, арасында аскер кызматкерлери да бар.

Жалпысынан кандуу окуя учурунда ооруканаларга 148 адам түшкөн, алардын 93ү аскерлер.

Жараат алган балдардын баары айыктырылып, чыгарылган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда жа башкалардын үйүндө жашап жатышат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG