Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:33

Али Хаменеини даңазалап ырдоодон баш тарткан кыз ооруканада каза болду


Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи.
Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи.

Ирандагы мектепте өлкөнүн жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеини даңазалап ырдоодон баш тартканы үчүн күч кызматкерлери сабаган 16 жаштагы Асра Панахи ооруканада кайтыш болгондон кийин нааразылыктар кайра тутанды.

The Guardian басылмасы билдиргендей, окуя 13-октябрда Ардебил шаарында болгон.

Иран мугалимдеринин кесиптик бирикмесинин координациялык кеңеши кабарлагандай, күч кызматкерлери ал күнү мектепке келип, кыздардан руханий лидерди даңктаган ырларды ырдоону талап кылышкан. Талапты аткаруудан баш тарткан кыздар сабалып, бир нечеси ооруканага жеткирилген, айрымдары камалган. 14-октябрда Панахи ооруканада көз жумган.

Басылманын маалыматына ылайык, бийлик окуя үчүн жоопкерчилик алган эмес.

Асра Панахинин өлүмү өлкөдө жаңы толкундоолорду пайда кылды. Өзүн анын жакын тууганы деп тааныштырган киши мамлекеттик телеканалдардын эфиринде кыз жүрөк кемтигинен кайтыш болгонун билдирди.

Иранда 16-сентябрда хижаб кийүү эрежесин бузду деп айыпталган студент Махса Амини убактылуу кармоочу жайда каза тапкандан кийин өкмөткө каршы акциялар тутанган. Бийлик нааразылыктарды күч менен баскан.

Iran Human Rights уюму билдиргендей, жалпы улуттук нааразылыктар учурунда өлгөндөрдүн саны 215 адамга жетти, арасында 27 бала бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG