Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47

Түркмөнстан чет өлкөлөрдөгү студенттерди армияга жөнөтөт


Ашхабад. Иллюстрациялык сүрөт
Ашхабад. Иллюстрациялык сүрөт

Түркмөнстанда чет өлкөлөрдө окуган студенттер мекенине кайтып, аскерде кызмат өтөөгө милдеттендирилди. Ошол эле маалда мыйзамга ылайык жогорку окуу жайларында билим алып жаткандар аскерден бошотулат. Балкан чөлкөмүнүн бир нече тургуну “Азаттыктын” түркмөн редакциясына (“Азатлык”) кайрылып, жергиликтүү аскердик комиссариаттан жаңы жобону аткаруу керектиги тууралуу “опузалаган кат алышканын” айтышты. Айрымдарынын үйлөрүнө полиция эскретүүсүз келген учурлар да болгон.

Түркмөнбашы шаарынын тургуну баласы окуп жаткан чет өлкөдөн кайтып келбесе, ал депортацияланарын айтып коркутушканын айтып берди.

“Азатлык” белгилегендей, ушу тапта Түркмөнстанда армияга алуу өнөктүгү уланып жатат. Көп убакта кампания учурунда аскердик комиссариаттардын өкүлдөрү көчөлөрдү, мектеп, аэропортторду күзөттөп, армияда кызмат өтөө жашындагы кишилерди издешет. Күбөлөр жайында бүтүрүүчү экзаменден кийин дароо армияга чакырылган окуялар тууралуу айтып беришкен.

Бийлик ошондой эле паспортун узартуу үчүн мекенине келген студенттердин артынан түшүп, кээ бирлерин күчкө салып комиссариатка, андан ары армияга алып кеткен учурлар да жок эмес.

Ашхабад чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине түркмөн жарандарына жаңы паспорт берүүгө тыюу салган.

Түркмөн бийлиги “Азатлык” радиосунун комментарий сураган катына жооп берген жок.

Паракорлук жайылган ал өлкөдө адатта армияга колунда жок үй-бүлөлөрдөн чыккан уландар жөнөтүлөт.

өлкөдө адатта армияга колунда жок үй-бүлөлөрдөн чыккан уландар жөнөтүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG