Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Сузак: селден жабыркаган сегиз үй-бүлөгө жаңы турак жай курулду


Селден жабыркагандарга салынган үйлөр. Сузак, Кара-Дарыя. 2022
Селден жабыркагандарга салынган үйлөр. Сузак, Кара-Дарыя. 2022

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда селден жабыркаган сегиз үй-бүлөгө жаңы салынган үйлөрдүн ачкычтары берилди.

Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылынын тургундарынын турак жайлары былтыр селден жабыркап, жараксыз болуп калган. Алардын ичинде үй курууга чамасы жетпеген сегиз үй-бүлө бир жылдан бери вагондо жашап келишкен.

Аларга жер тилке бөлүнүп, үй куруу үчүн мамлекет 5,6 млн. сом берген. Облустук бийликтин маалыматына караганда, аймактагы мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы да которулган. Жалпысынан сегиз үйдү курууга 12 млн. сом акча каражаты жумшалганы айтылды.

2021-жылдын 20-июлунда Сузактын Кара-Дарыя айыл аймагындагы 500дөй үйдү сел каптап, бир жаран каза тапкан. Тилсиз жоодон 44 үй жашоого кооптуу деп табылган. (ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG