Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:23

ӨКМ: Баткенде 4 миңдей жаран жашаган жерине кайта элек


Баткенде талкаланган үйдүн ордуна жаңысы курулуп жатат. Ак-Сай айылы. 10-октябрь, 2022-жыл.
Баткенде талкаланган үйдүн ордуна жаңысы курулуп жатат. Ак-Сай айылы. 10-октябрь, 2022-жыл.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта талкаланып, жашоого жараксыз болуп калган 422 үй урандыдан тазаланды. Бир үй чек ара тилкесинде болгон үчүн тазалоо иштери жүргөн жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, бузулган үйлөрдүн басымдуу бөлүгү Баткен районунда (322). Лейлек району боюнча жараксыз болгон 101 турак үй тазаланды. Министрлик жаңжал учурунда коопсуз аймактарга эвакуация болгондордун 4 миңдейи туруктуу жашап жаткан жайларына келе электигин билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай өрттөлүп, талкаланган. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 335 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик автоунаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 61 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү жасай элек. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.(КE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG