Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Илон Маск Украина үчүн Starlink кызматын каржылоону улантат


Илон Маск.
Илон Маск.

Илон Маск анын SpaceX компаниясы Украина үчүн Starlink спутник байланышын каржылоону уланта турганын билдирди. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды.

"Starlink акчасын жоготуп жатат, ал эми башка компаниялар салык төлөөчүлөрдөн миллиарддаган долларларды алышат. Ошентсе да биз Украинанын өкмөтүн бекер каржылоону улантабыз", — деп жазган Маск.


Бир катар маалымат каражаттары америкалык миллиардер Илон Масктын SpaceX компаниясы мындан ары Украинада Starlink спутник байланышын каржылай албаганын айтып, Пентагонго кайрылганын жазышкан. Биринчи болуп мындай кабарды CNN тараткан. SpaceX жыл аягына чейин спутниктердин жабдууларын жеткирүүгө 124 миллион доллар короторун, эмки жылы чыгым 400 миллиондун айланасында болот деп болжолдогонун билдирген. Маалыматка караганда, Starlink украин аскерлеринин байланышын камсыздап келатат. Ушул тушка чейин өлкө 20 миңдей ошондой сателлит алган.

Октябрдын башында Маск SpaceX Украинада Starlink байланышын жеткирүү жана каржылоого 80 млн. доллар жумшаганын, жыл аягына чейин чыгым 100 млн. жетерин билдирген. Кийинчерээк Твиттерге терминалдарды иштетүү үчүн компания айына 20 млн. доллар жумшай турганын жазган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG