Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Кыздарды өсмөгө каршы эмдөө бир айдан кийин башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө 14-ноябрда башталарын бүгүн 14-октябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Жалпысынан 11-14 жаштагы 200 миңден ашуун кызды камтуу пландалууда.

Ракты козгоочу папиллома вирусуна каршы вакцинаны сатып алууга эл аралык уюмдар жардам берүүдө.

Эмдөөнүн бул түрү дүйнөдө 2006-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата папиллома вирусуна каршы вакцина 112 өлкөнүн эмдөө боюнча улуттук календарына кирген.

Кыргызстандын улуттук календарына ылайык, балдар жана чоңдор оор илдеттердин 13 түрүнө каршы вакцина алып, ден соолугун коргоо кепилдигине ээ боло алат.

Жатын моюнчасынын рагына жыл сайын Кыргызстанда 500дөй аял чалдыгууда, көбү доктурга адатта илдет өтүшүп кеткенде кайрыларын, аларды сактап калуу оор экенин дарыгерлер айтып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG