Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

БУУда Орусиянын Украинанын аймактарын “мыйзамсыз аннексиялоосун” айыптады


БУУнун Башкы ассамблеясы Орусиянын Украинанын чыгыш жана түштүк аймактарындагы төрт украин аймагын аннексиялап алганын көпчүлүк добуш менен айыптады.

12-октябрдагы Башкы ассамблеянын 193 мүчөсүнүн көбү Москванын кадамын "мыйзамсыз" деп атаган резолюцияны колдоп добуш беришти.

Резолюцияга каршы Сирия, Никарагуа, Түндүк Корея жана Беларус добуш берди.

35 өлкө, анын ичинде Кытай, Индия, Түштүк Африка, Пакистан, Борбор Азиядан Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан калыс бойдон калган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Твиттерде "БУУ Башкы Ассамблеясынын тарыхый резолюциясын колдогон 143 мамлекетке ыраазымын...Аннексиялоо аракети эч нерсеге арзыбайт", - деди.

Резолюция президент Владимир Путин өткөн айда эл аралык коомчулук Украинага таандык деп тааныган төрт аймакта Орусияга кошулуу боюнча өткөргөн "референдумун" жана "мыйзамсыз аннексиялоо аракетин" айыптайт. Документ БУУну жана эл аралык уюмдарды Орусиянын чек араларды өзгөртүүлөрүн тааныбоого чакырат, Москвадан өз чечимдерин “дароо жана эч кандай шартсыз жокко чыгарууну” талап кылат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен добуш берүү “дүйнөнүн басымдуу бөлүгү Украина менен, БУУнун Уставын коргоп, Орусиянын Украина менен анын элине каршы согушуна чечкиндүү каршы экенин эскертүү” деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG