Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:29

Израил менен Ливан деңиздеги чек арасы боюнча келишимге жетишти


Жер ортолук деңизиндеги Израил менен Ливан талашып келген аймак. BBC корпорациясынын иллюстрациясы.
Жер ортолук деңизиндеги Израил менен Ливан талашып келген аймак. BBC корпорациясынын иллюстрациясы.

Израил менен Ливан эки өлкөнүн деңиздеги чек арасын демаркациялоо боюнча макулдашууга жетишти. Сүйлөшүүлөр АКШнын ортомчулугу менен өттү.

Израилдин премьер-министри Яир Лапид менен Ливандын президенти Мишель Аун макулдашуунун шарттары эки тарапты тең канааттандырганын билдирди. Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден келишим эки тараптын энергетикалык системасын өнүгүүсүнө жардам берет деп үмүттөнөрүн айтты.

Мурдараак Ливан менен Израил Жер Ортолук деңизинин жээкке ыктаган жагындагы 865 чакырым чарчыны талашып келишкен. Анда Израил газ өндүргөн Кариш кени, Ливан газ өндүргөн Кана кени жайгашкан.

Яир Лапид Ливан менен келишимди Израилдин коопсуздугун чыңдай турган “тарыхый жетишкендик” деп атап, бул өлкөнүн экономикасына миллиарддарды алып келерин жана түндүк чек арада стабилдүүлүк орноторун айтты.

Ливан менен Израил формалдуу түрдө согуштук абалда жашап келишкен. Кургактыктагы чек ара мурда эле такталганы менен деңиздеги линиялар боюнча сүйлөшүүлөр 2020-жылы гана башталган. Бул эки тараптын коопсуздукка байланышпаган биринчи сүйлөшүүсү болуп калды.

Деңиздеги очоктордон жаратылыш газын өндүрүү Израилдин энергетикалык приоритети болуп саналат. Бул өлкөнүн бийлиги жакын арадан баштап Европага көгүлтүр отун экспорттогону жатат. Орусия Украина кол салгандан кийин Евробиримдикке кирген өлкөлөр орус энерго ресурстарынан баш тартуу аракетин көрүп келет.

Июнда Европа Биримдигинин жетекчилери Израил жана Египет менен келишим түзүп кеткен. Ага ылайык, Израилдин газы Египеттин терминалында суюлтулуп, андан ары танкерлер менен Европага ташылганы жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG