Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

Баткен: эвакуация болгондордун 6 миңге жакыны үйлөрүнө кайта элек


Баткен. Кадамжай. Эвакуациялоо.
Баткен. Кадамжай. Эвакуациялоо.

Баткендеги соңку каргашанын айынан үй-жайын таштап чыгууга мажбур болгондордун миңден ашууну дагы эле убактылуу кабыл алуучу жайларда жашап жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 11-октябрдагы маалыматына караганда, 1083 адамдын 11и Ош шаарында, 17си Жалал-Абад, 45и Ысык-Көл, 819у Чүй, 191и Баткен облустарында.

Мындан тышкары Баткен облусунун башка аймактарында жергиликтүү тургундардын үйлөрүндө 4871 адам бар.

Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 130 650сү үйүнө кайтты.

Жарандык коргонуу комиссиялары 661үй жабыркаганын, анын 423ү жашоого жараксыз, 238и оңдоп-түздөөгө муктаж экенин аныктап чыгышты. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык, 27 социалдык объект, 335 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объект, унаа өтүүчү 1 көпүрө жабыркаган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган.

Дүйшөмбү кайра Бишкекти айыптаган билдирүү тараткан.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG