Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Ташиев чек ара боюнча жыйындын жабык өтүшүнүн себебин айтты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун жабык кароонун себептерин айтып берди. Ал чек ара боюнча жашыруун маалыматтар айтыла турганын белгиледи.

"Бүгүн эч кандай ратификация өткөрүп жаткан жокпуз. Биз келишимдин долбоорун талкуулап, макулдашууга гана алып келип жатабыз. Бул жерде көптөгөн биздин документтер, карталар өзгөчө жашыруун карталар. Алардын бардыгын кол коюлганга чейин ачыкка чыгарганга биздин укугубуз жок. Ошондуктан камерага тарттырбастан депуттарга, журналисттерге айтып берели деп жатабыз. Президент менен эртең менен макулдаштык. Бул жерге жашыруун маалыматтарды алууга уруксаты жок журналисттер, коомдук инсандарыбыз отурат", - деди Ташиев.


Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери боюнча маселе Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде каралып жатат. Жыйынга сүрөт, аудио, видео тартууга тыюу салынган. Айрым депутаттар жыйындын башында буга нааразылыгын билдирип, макулдашуу боюнча документтер толук эместигине, отурум тууралуу кеч кабар берилгенине нааразы болушту.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Ошондой эле 10-октябрдагы парламент комитетиндеги жыйынды ачык өткөрүү тууралуу буйрук бергенин айткан.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG