Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Иранда нааразылык акциялары уланууда


Иран. 2022-жылдын 8-октябры.
Иран. 2022-жылдын 8-октябры.

Бүгүн, 8-октябрда Иранда бийликтин катуу эскертүүлөрүнө карабастан айрым аймактарда нааразылык акциялары уланды. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеолордон митингдер Тегеранда, Каражда жана борбор калаадан анча алыс эмес бир катар майда шаарларда өткөнүн көрүүгө болот. Бул жолу буга чейин нааразылык анча катуу болбогон райондордо да эл көчөгө чыкканы кабарланууда.

Осло шаарында жайгашкан «Ирандагы адам укуктары» уюмунун соңку маалыматына караганда, күч кызматкерлеринин колунан митингге чыккан кеминде 92 адам өлтүрүлдү, жүздөгөн адам жараат алып, миңдегени камалды. Айрым булактар каза болгондор 160ка жеткенин жазып жатышат.

«Аял, жашоо, эркиндик!», «Биз эми коркпойбуз, биз күрөшөбүз» деген жазуулар менен чыккандарга каршы полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонууда.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган.

Амининин укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө тилектештигин билдирген кыз-келиндер чачын кескен, жоолугун чечкен видеолорун Интернеттеги социалдык түйүндөргө жайгаштырып жатышат.

Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG